Русско-киргизский словарь

ПАМЯТЬ

ж. 1. эс; у него хорошая память ал унутчаак эмес; если мне память не изменяет эгер менин эсимден чыкпаган болсо; врезаться в память көңүлдө орноп калуу, эстен кетпей калуу, ойдон чыкпай калуу, жат болуп калуу; 2. (воспоминание) эстелик, эскерме, эскерткич, эстөө, эсте тутуу; хранить память о погибших героях курман болгон баатырларды эсте сактоо; подарить на память эстелик үчүн сыйлап берүү, эстелик кылып берүү; 3. (сознание) эс; больной лежал без памяти оору адам эсинен танып жатты; любить без памяти аябай, абдан сүйүү; эс-учун билбей сүйүү; это было на нашей памяти бул биздин эле учурубузда болгон; по старой памяти адатындай эле, көндүмүндөй эле, адат болуп калгандыктан; выучить на память жаттап окуп алуу; говорить на память жатка айтуу (мис. цитатаны); прийти на память эсине келүү (мурун унутуп койгон нерсе кайра эсине келүү); вечная память түбөлүк эсте сакталсын; куриная память шутл. унутчаак.
Смотреть другие описания