Русско-киргизский словарь

СВЯЗАТЬ

сов. 1. кого-что байлоо, байлаштыруу, таңуу, байлап (таңып) бекитүү, бириктирип байлоо, бириктирип таңуу; связать пакеты пакеттерди байлоо (таңуу); 2. кого-что с кем-чем, перен. (объединить) байланыштыруу; судьба связала их аларды тагдыр байланыштырды; связать один вопрос с другим бир маселени экинчи маселе менен байланыштыруу; 3. что с чем, перен. (установить зависимость между чем-л.) эп келтирүү, байланыштыруу, башын кошуу; связать одно явление с другим бир кубулушту экинчи бир кубулуш менен байланыштыруу; двух слов связать не умеет эки сөздүн башын кошуп айта албайт; 4. кого-что, перен. (стеснить, лишить свободы) байлоо, эч жакка чыгарбоо (мис. жаш бала энесин); связать себя байлануу; я связал себя обещанием мен убада берип байланып калдым; 5. что (изготовить вязкой) согуу, токуу (байпак, мээлей); связать по рукам и ногам колу бутун байлоо.
Смотреть другие описания