Русско-киргизский словарь

ФОРМА

ж. 1. (внешний вид) форма (тышкы көрүнүш, түр, кебете); иметь форму шара шар формасында болуу; придать форму формага келтирүү; 2. (устройство, строение, структура) форма (түзүлүшү, курулушу, белгилүү тартип); диалектическое единство формы и содержания форма менен мазмундун диалектикалык бирдиги; форма хозяйства чарбанын формасы; форма правления башкаруу формасы; форма организации труда эмгекти уюштуруу формасы; 3. (однотипная одежда) форма (аскер кызматчылары же мекеме кызматчылары жана окуучулар милдеттүү түрдө кийүүчү кийимдин түрү); военная форма аскердик форма; парадная форма парад формасы; 4. тех. калып; форма для отливки куйманын калыбы; 5. канц. форма (бир нерсенин белгиленген үлгүсү); сведения по форме № 3 № 3 форма боюнча берилген (берилүүчү) маалымат; 6. полигр. форма (тапографиялык набор ичине коюлуп бекитиле турган рама); печатная форма печать формасы, печаттык форма; две формы уже отпечатаны эки форма басылып бүттү; 7. перен. (видимость, формальность) форма (сырткы көрүнүшү үчүн гана, кайдигер иштелген нерсе; формалдуулук); не следует делать что-либо только ради формы бир нерсени форма үчүн гана иштебөө керек; 8. формы мн. разг. (очертания фигуры) формалар (фигуранын сөлөкөтү, карааны); изящные формы көркөм формалар; 9. формы мн. грам. формалар (грамматикалык категорияларды жана речтеги сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн бири-бири менен байланышын берүүнүн жолу); формы слова сөздүн формалары; формы словоизменения сөздүн өзгөрүшүнүн формалары; быть в форме өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билгенин көрсөтүүгө даяр абалда болуу; шахматист сегодня не в форме шахматист бүгүн өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билимин көрсөткүдөй абалда эмес.
Смотреть другие описания